2025-жылдын январынан апрелине чейин Орусиядан Кыргызстанга мигранттардан рекорддук суммадагы акча которулган. Мындай маалымат Улуттук банктын материалдарында камтылган.
Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, көрсөтүлгөн мөөнөттө эмгек мигранттары Кыргыз Республикасына жалпысынан 1 миллиард 68 миллион доллар жөнөтүшкөн, анын 1 миллиард 710 миң доллары Орусиядан келген.
Эске салсак, өткөн жылдын ушул мезгилинде Россия Федерациясынан 857,2 миллион доллар которулган.
Улуттук банк акча которуу системалары, банктык мобилдик тиркемелер (банктык карталар) жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын операцияларын эсепке алат.