23:13
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстанда 141 миңге жакын бала мектептерге катталды

Кыргызстанда 141 миңге жакын бала мектептерге катталды. Бул маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда камтылган.

Анын ичинде 2 миң бенефициар. 148 миңден ашык орун бош бойдон калууда.

Бишкек шаарында 12,2 миң бала 1-класска, 14,5 миңге жакын бала экинчи класска кабыл алынды.

Белгилей кетсек, иш жүзүндө жашаган жери боюнча (каттоо дарегине карабастан) электрондук каттоо 2-июнда башталып, 15-августка чейин уланат.

12 жылдык билим берүүгө өткөндүгүнө байланыштуу биринчи жана экинчи класстарда каттоо бир убакта жүргүзүлөт. 2018-жылы төрөлгөн балдар система тарабынан автоматтык түрдө экинчи класска, 2019-жылы төрөлгөндөр биринчи класска коюлат.

Эң көп окулган жаңылыктар