USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Бишкек-Балыкчы багытында жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө күчөтүлдү

09:19, 09 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Балыкчы унаа жолунда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө күчөтүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, башкармалыктын башчысынын орун басары Айбек Жумагулов Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы кызмат алып барып жаткан жол тескөөчүлөрдүн кызмат өтөө тартибин текшерип, айдоочуларга түзүлүп жаткан шарттар жана жолдун абалы менен жеринен таанышты.

Анда санариптештирүүнүн алкагында кызматкерлерге берилген төш камералардын, автоурагандардын, электрондук планшеттердин жана байланыш каражаттардын техникалык абалы текшерилип, жол унаа кырсыктардын, жол тыгындарынын алдын алуу боюнча тийиштүү нускамалар жеткирилди.

Ошондой эле Жумагулов жол чийиндерин, жол белгилерин жеринен карап, жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн жол жээгиндеги башаламан соода-сатыктарга жол бербөө, кооптуу аймактарды, жол тосмолорду жеринен карап, аныкталган кемчиликтерди орундатуу боюнча тийиштүү тапшырмаларды койду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика