USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Бишкектин башкы архитектору алмашты: Медербек Кыдырмаев кызматка келди

18:11, 16 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Урмат Карыбаев Бишкек шаарынын башкы архитектору кызматынан бошотулду.

Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу коштошуу сөзүндө кызматта турган үч жыл ичинде борбор калаанын архитектуралык көрүнүшүн өнүктүрүү боюнча маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жетишкенин белгилеп, ишеним көрсөткөн кесиптештерине жана өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Урмат Карыбаев
Урмат Карыбаев «Бишкекбашкыархитектура» мекемесине мындан аркы гүлдөп өнүгүү каалап, шаар мэри Айбек Жунушалиевге көрсөткөн колдоосу жана конструктивдүү диалогу үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Медербек Кыдырмаев

Урмат Карыбаев бул кызматты 2022-жылдын апрель айынан бери аркалап келген. Ал 2023-жылы жерди мыйзамсыз берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Кийинчерээк бул иш жабылган.

Бишкектин жаңы башкы архитектору болуп Медербек Кыдырмаев дайындалды. Буга чейин «Бишкекбашкыархитектура» башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика