18:22
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Эмгек келишимин туура түзүү жана сыноо мөөнөтү жөнүндө эмнелерди билүү керек?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эмгек келишимин кантип туура түзүү керек жана жумушка орношууда сыноо мөөнөтү жөнүндө эмнелерди билүү керектиги тууралуу эскертет.

Ведомствонун маалыматына караганда, эмгек келишимин түзүү расмий жумушка орношуунун маанилүү этабы болуп саналат. Келишим жазуу жүзүндө эки нускада таризделет: бири кызматкерге берилет, экинчиси иш берүүчүдө калат.

Кол коюлган келишимдин негизинде үч күндүн ичинде ишке кабыл алуу жөнүндө буйрук (же тескеме) чыгарылып, кызматкер кол койдуруу менен тааныштырылат.

Мындан тышкары, ишке кабыл алууда иш берүүчү кызматкерди ички эмгек тартибинин эрежелери менен тааныштырууга эмгекти коргоо боюнча инструктаж өткөрүүгө жана эмгек китепчесин ачууга (же толуктоого) милдеттүү. Мыйзам ошондой эле бир нече жумуш берүүчүлөр менен эмгек келишимдерин түзүүгө мүмкүндүк берет, эгерде буга тыюу салынбаса жана айкалыштырып иштөө менен жүргүзүлсө.

Сыноо мөөнөтү жөнүндө эмнелерди билүү керек?

Сыноо мөөнөтүнө келсек, ал эмгек келишиминде тиешелүү шарт болгондо гана белгилениши мүмкүн. Эгерде мындай шарт жок болсо, кызматкер сыноосуз кабыл алынды деп эсептелет. Сыноонун максималдуу мөөнөтү — 3 ай, ал эми жетекчилер, алардын орун басарлары, башкы бухгалтерлер жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери үчүн 6 айга чейин. Мында сыноо мезгилине иш жүзүндө жок болгон күндөр киргизилбейт.

Кызматкерлердин айрым категориялары сыноодон бошотулат: алар жашы жетпегендер, акы төлөнүүчү шайлануучу кызматка шайланган адамдар, кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун жеңүүчүлөрү, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн ортосундагы макулдашуу боюнча которулган кызматкерлер.

Эгерде сыноонун жыйынтыгы боюнча кызматкер ээлеген кызмат ордуна ылайык келбесе, иш берүүчү бул жөнүндө кеминде 3 күн мурда эскертип жана негиздүү себептерин көрсөтүү менен келишимди бузууга укуктуу.

Эмгек келишимин туура жол — жоболоштуруу жана өз укуктарыңызды билүү-корголгон жана туруктуу эмгек мамилелерине карай маанилүү кадам.

Эң көп окулган жаңылыктар
12-июнь, бейшемби