16:15
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Мухтарбек Баймурзаев эмгек министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Мухтарбек Баймурзаев Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдирди.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бул жылдар аралыгында Мухтарбек Баймурзаев өлкөнүн каржы жана билим берүү тармагында маанилүү кызматтарды аркалаган. 2015-жылдын мартынан 2017-жылдын февраль айына чейин Финансы министрлигинин социалдык чыгымдарды каржылоо башкармалыгынын билим берүү, илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы болгон.

Андан соң 2017-жылдын мартынан 2018-жылдын июнь айына чейин Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана каржылык талдоо бөлүмүн жетектеген. 2021-жылдын октябрынан 2024-жылдын май айына чейин Финансы министрлигинин социалдык сектордун чыгашаларын пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Ушул жылдын май айынан бери президенттик аппараттын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти болуп эмгектенип келген.

Эң көп окулган жаңылыктар