15:03
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Каракол-Эңилчек» жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

2025-жылдын 22-апрелинен 24-апрелине чейин өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүшү жана кар күрткүлөрүнүн пайда болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдордо тайгалак муз пайда болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочулардан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону суранып, өтө зарылчылык болбосо жолго чыкпоону сунуштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар