Футбол боюнча УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалынын бардык жооптук беттештери өтүп, анын жыйынтыгында жарым финалчылар аныкталды. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.
«Реал Мадрид» өз үйүндө Лондондун «Арсеналына» 1:2 эсебинде утулуп, турнирге катышуусун аяктады.
Жеңүүчүлөр үчүн голдорду Букайо Сака менен Габриэль Мартинелли киргизди. Талаа ээлеринен Винисиус Жуниор гол киргизди.
Арсенал эми ПСЖ менен ойнойт.
Дагы бир беттеште италиялык «Интер» өз талаасында «Бавария» менен 2:2 эсебинде тең чыкты.
Голду Мартинес Лаутаро, Бенджамин Павард, Гарри Кейн жана Эрик Дайер киргизишти.
Эки беттештин жыйынтыгында «Интер» жарым финалга чыгып, анда «Барселона» менен беттешет.
Эске сала кетсек, жарым финал 6-майда, финал 31-майда болот.

