06:03
USD 87.45
EUR 99.57
RUB 1.07

Пиарсыз иштейт. ЖК депутаты Башкы прокурор Максат Асаналиевди мактады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Башкы прокурор Максат Асаналиевди мактап, кесиптештеринен анын 2024-жылга карата отчетун колдоону суранды.

Эл өкүлү көзөмөл органынын жетекчиси бир күн мурун парламенттин эки комитетинин биргелешкен жыйынында сөз сүйлөп, шайланган өкүлдөрдүн суроолоруна жооп бергенин белгиледи.

«Башкы прокурор кызматка келгенден бери жакшы иш алып барып, саясатка аралашпай, пиар менен алектенбей, өз милдеттерин так аткарып жатканын баарыбыз билебиз», — дейт Ырысбек Атажанов.

Ал арада депутат Дастан Бекешев Максат Асаналиев буга чейин кылмыш же административдик жоопкерчиликке тартылганбы деген суроону койду.

«Ал кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес.Мен жаш кезимде айдоочулук күбөлүгүм жок айдап, айып төлөгөм», — деп жооп берди Башкы прокурор.

Жыйында парламентарийлер Башкы прокурордун 2024-жылдагы Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалыматын угушту.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG
29-апрель, шейшемби