KG Групп курган үйлөрдө электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, курулуш компаниясы «Электросила» бөлүштүрүү компаниясына 21 миллион сом карыз болгон.
Депутат парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунан бул үйлөрдү электр тармагына кошуу боюнча Энергетика министрлигине протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү. Анткени министр эмитен эле бөлүштүрүүчү компаниялардын кызматынан баш тартууну пландап жатат.
Дастан Бекешев кошумчалагандай, президенттин мүлкүн башкаруу боюнча дирекция тарабынан дайындалган «KG Групптун» директору начар иштеп жатат жана ал маселени чечет деп үмүттөнүүнүн кереги жок.