Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 16 тонна сүт азыктары артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Чүй облусундагы «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү пунктунун «Ак-Тилек» чек ара ветеринардык постунун инспекторлору тарабынан Россиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келиген 16 536 литр сүт азыктарына текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары бузулганы аныкталды.