УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын дагы эки беттеши өттү. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.
Каталониялык «Барселона» клубу Дортмунддук «Боруссияны» 4:0 эсебинде утуп алды.
Голдорду Рафинья менен Ламин Ямал киргизсе, Роберт Левандовски экиден гол киргизди.
Ал эми Пари Сен-Жермен Астон Вилланы 3:1 эсебинде утуп алды.
Конокторду Морган Роджерс алдыга чыгарды, бирок Дезири Дуэт эсепти теңеди. Хвича Кварацхелия менен Нуно Мендес бирден гол киргизишти.
Жооптук беттештер 15-апрелде өтөт.
Эске салсак, буга чейин «Арсенал» «Реалды», «Интер» «Баварияны» жеңген.