УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын алгачкы беттештери орун алды. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.
Англиялык «Арсенал» испаниялык «Реалды» кабыл алды. Оюн 3:0 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады.
58-мүнөттө Арсеналдын жарым коргоочусу Деклан Райс командасын алдыга чыгарды. Ал 70-мүнөттө дубль жаратты. 75-мүнөттө Микел Мерино эсепти ого бетер чечүүчү кылды.
Дагы бир оюнда Германиянын «Бавария» командасы Италиянын «Интер» командасын кабыл алды. Оюн меймандардын пайдасына аяктады — 1:2.
Эсепти 38-мүнөттө италиялык команданын чабуулчусу Лаутаро Мартинес ачты. Томас Мюллер жооп голду 85-мүнөттө киргизди. 88-мүнөттө Давиде Фраттеси жыйынтыктоочу эсепти койду.