05:34
USD 87.10
EUR 99.05
RUB 1.07

Канатбек Калдаралиев Ак-Суу районунун акими болуп дайындалды

Бүгүн, 8-апрелде президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов Ак-Суу районунун активине жаңы акимди тааныштырып, президенттин 2025-жылдын 4-апрелиндеги буйругун окуп берди деп маалымдайт обладминистрация.

Канатбек Калдаралиев — жогорку билимдүү, мамлекеттик башкаруу жана укук жаатындагы адистиктер боюнча магистр. Эмгек жолун мугалимдиктен баштап, мамлекеттик кызматтын ар кайсы тепкичтеринен өткөн. Акыркы кызмат оруну — Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси.

Ысык-Көл облустук администрация
Фото Ысык-Көл облустук администрация. Канатбек Калдаралиев

Ал өзүн жоопкерчиликтүү жана уюштуруучулук жөндөмү жогору мамлекеттик кызматкер катары таанытып, бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар