22:04
USD 87.45
EUR 99.20
RUB 1.06

Жапаров Самаркандга «Борбор Азия-Европа биримдиги» саммитине катышуу үчүн келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, «Борбор Азия — Европа биримдиги» саммитине катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчынын учагы Самарканддын аэропортуна конду. Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия жана Европа бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик туулары илинип, учактын алдына килем төшөлүп, Ардак кароол ротасы тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Бүгүн мамлекет башчысы Европа биримдигинин президенти Антониу Кошта жана Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен менен жолугушат. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен расмий жолугушуусу болот.

Садыр Жапаров эртең, 4-апрелде «Борбор Азия — Европа бирлиги» Саммитине катышат жана «Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү» Эл аралык форумунда сөз сүйлөйт.

Саммиттин жана эл аралык климаттык форумдун жыйынтыгы боюнча биргелешкен документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG