2025-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандан 96 миң 43,6 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолду. Жалпы саны 18 миллион 199 миң даанадан ашык болсо, көлөмү 1 миң 389 метр кубду түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Экспорттолгон продукциянын ичинен көчөттөр эң чоң үлүштү — жалпысынан 5,7 млн даананы түздү. Анын 4,9 миллиону гүл көчөттөрү, 697 миңи мөмө көчөттөрү, 78 миңи декоративдик көчөттөр.
Ошондой эле жашылчалар (картошкадан тышкары) экспорттолгон — 24,9 миң тонна, анын ичинде:
капуста — 13,7 миң тонна,
сабиз — 3,4 миң тонна,
пияз — 1 миң тонна,
сарымсак — 141 тонна.
Картошка экспорту 15,3 миң тоннаны, буурчак өсүмдүктөрү — 12,4 миң тоннаны, жаңгак — 8,7 миң тоннаны, мөмө-жемиштер — 13,6 миң тоннаны түздү. Ошондой эле, кургатылган мөмө-жемиштер чет өлкөгө 6,9 миң тонна жана кургатылган жашылчалар 34,3 тонна жөнөтүлгөн.
Бардык продукциялар карантиндик фитосанитардык көзөмөлдөн өткөн. Бөлүмдүн кызматкерлери ар бир жөнөтүүнү текшерип, зарыл болгон учурда лабораториялык текшерүү үчүн үлгүлөрдү алып турушту. Текшерүүнүн жыйынтыгында продукциядан карантиндик зыянкечтер табылган эмес.
Контролдук иш-чаралардын жыйынтыгы менен 8604 фитосанитардык сертификаттар берилген.