08:34
USD 87.45
EUR 99.28
RUB 1.06

16-апрелге карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 16-19-апрель күндөрү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

16-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Таласта жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 14...19;

Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 17...22;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3...8, күндүз 10...15;

Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 9...14;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −2...-7, күндүз 0...5 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7...9°, күндүз 16...18° болот.

Эң көп окулган жаңылыктар