14:33
USD 86.77
EUR 95.38
RUB 1.03

Алайда жолду кеңейтүүгө байланыштуу тосмолор жана 300 үй-бүлөнүн үйлөрү бузулат

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Сулайманов Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында Тажикстанга эл аралык жол бар экенин билдирди. Бул трассаны кеңейтүү менен 300дөн ашык үй-бүлөнүн тосмолору жана үйү бузулушу мүмкүн экендигинбелгиледи.

«Тургундардын айтымында, алар үйлөрдүн документтерин 1969-жылы эле алышкан. Айрымдарынын тосмолору гана бузулса, кээ бирлеринин үйү бузулат. Үч бөлмөнүн бири бузула турган үйлөр бар. Тургундар жолдун кеңейип, бузулушуна каршы эмес, бирок компенсация сурап жатышат, анткени ал жерде элдин жашоо деңгээли төмөн жана эл көчөдө калышы мүмкүн», — дейт депутат.

Ал президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовдон айыл тургундарына компенсация төлөп берүүнү суранды.

Жыйында төрага Нурланбек Тургунбек уулу буга чейин айылдарда жолдорду кеңейтүү үчүн тосмолорду жылдырууга аргасыз болуп жатканын айткан. Мындай кылбагыла, элди дүрбөтпөгүлө деп суранды.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин депутаттары жарандардын мүлкүн бузуу «модасына» байланыштуу маселени көтөрүп, алардын жеке менчикке болгон укуктарын сактоо зарылдыгын эскертишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG