01:16
USD 87.23
EUR 99.26
RUB 1.05

Чек арачылар 4 млн сомдук тамекини аткезчилик жол менен алып өтүүнү токтотушту

Кыргызстандын чек арачылары 4 миллион сомдон ашык баадагы тамекилерди аткезчилик жол менен алып өтүүнү токтотушту.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын маалыматына караганда, кыргыз-казак чек арасында тамекинин ири партиясын мыйзамсыз алып чыгуу аракети токтотулду. «Токмак» бикетинин чек ара кызматы өткөрүү пунктунан өтүп Казакстанды көздөй бара жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» кичи автобусун токтоткон.

Салондон акциздик маркасы жок 187 куту тамеки табылган.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, контрабандалык жүктүн баасы 4,7 миллион сомду түзөт. Документ толтурулгандан кийин кармалган эки жаран жүктөрү менен бирге кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG