13:33
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Аткезчилердин жүк ташуучу унаасы мамлекеттин кирешесине конфискацияланды

Баткен райондук сотунун чечими менен Өзбекстандын Чоң-Гара анклавынан Кыргызстандын ЕАЭБ аймагына чыгууда кармалган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Эске салсак, «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери КР УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте КР жараны К.О.Н башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Маалыматка ылайык, унаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда жалпы салмагы 5 миң кг, баасы 100 миң сомду түзгөн дарбыздар табылган. К.О.Н Өзбекстан Республикасынан КРдагы ЕАЭБдин аймагына бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз түрдө ташып келүүгө аракет кылган.

Аталган унаа кармалып, жагдайлар такталганга чейин Баткен шаарындагы убактылуу сактоочу кампанын аймагына жеткирилген.

К.О.Н аттуу жаранга карата 60 миң сом айып салынган. Товарлар 116 миң 865 сом өлчөмүндө эки эселенген бажы төлөмдөрүн алуу менен бажылык тариздөөдөн өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар