Бишкекте 3-4-апрель күндөрү Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында «Санариптик фермер-2025» форуму өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул фермерлер үчүн айыл чарбасын санариптештирүү жана агроөнөр жай комплексине инновациялык технологияларды киргизүү боюнча дүйнөлүк тенденциялар, ошондой эле айыл чарба техникасынын жаңы үлгүлөрү менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.
«Форумдун алкагында заманбап агротехнологиялардын көргөзмөсү да болот. Бул катышуучулар үчүн инновациялык өнүмдөрдү иш жүзүндө көрүп, өндүрүүчүлөр жана иштеп чыгуучулар менен аларды бизнесте кантип колдонууну талкуулоо үчүн сонун мүмкүнчүлүк болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.