01:29
USD 87.45
EUR 91.44
RUB 0.96

Мамлекеттик органдар кадрдык документтерди санариптик иштетүүгө өткөрөт

Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасында кадрдык документтерди санариптик иштетүүгө өтүү башталды. Мындан ары жумушка алуу, бошотуу, эмгек өргүүсүнө чыгуу жана башка кадр маселелери боюнча буйруктар санарип форматта гана түзүлөт. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин кадрдык документтер кагаз жүзүндө кайталанып, көп убакытты жана каржылык чыгымдарды талап кылган.

Эске сала кетсек, 2022-жылдан тарта мамлекеттик органдардын ортосундагы документ жүгүртүү санарип жана кагаз форматында жүргүзүлүп келет. Бирок, 2024-жылдын сентябрь айында 700дөй документтин түрү үчүн кагаз форматы алынып салынган.

«Бирок, кадрдык иш кагаздары (кызматка дайындоо, бошотуу, командировка, ротациялоо, отпуска ж.б. жөнүндө буйруктар) дагы эле кагаз жүзүндө кайталанып келген, бул көп убакытты жана олуттуу каражаттарды талап кылган», — деп айтылат маалыматта.

Ведомствонун маалыматы боюнча, кадрдык документтерди санариптештирүү эле, мисалы, 300 миң бюджеттик кызматкерлердин эмгек өргүүсүнө чыгуу буйругу жыл сайын 1 миллиондон ашык барак А4 кагазын колдонууну кыскартууга мүмкүндүк берет.

Жакынкы арада өлкөнүн бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдары кадрдык документтерди санариптик жол менен иштетүүгө өтөт, бул кызматкерлердин ишин жеңилдетип, бюджеттин түйшүгүн азайтат.

Эң көп окулган жаңылыктар