Быйыл өлкөдө буудай өткөн жылдан 4,5 миң гектарга көп себилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда өлкөдө жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө. Республиканын жер айдоо иштерин алгачкылардан болуп Баткен облусунун райондору, Ош облусунун Араван, Кара-Суу райондору, Жалал-Абад облусунун Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Ала-Бука, Сузак райондору жана Чүй облусунда башталды.
Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү иштери республика боюнча 64,3 миң га, же былтыркы жылдан 10,3 миң га көп эгилди. Мунун ичинен Чүй облусунда 13,2 миң гектар, же өткөн жылдан 2,3 миң гектарга көп эгилди.
Буудай себүү иштери 13,7 миң га же 13,3 % түзүп, өткөн жылдан 4,5 миң га көп себилди. Ал эми Чүй облусунда — 4,2 миң га же өткөн жылдан 2,2 миң га көп эгилип, 17,3 %, Ош облусунда буудай себүү — 34,0 %, Баткенде — 24,4 %, Жалал-Абад облусунда — 5,1 % бүткөрүлдү.
Арпа себүү 20,4 миң га жүргүзүлүп, ташырманы 8,5 % же өткөн жылдан 3,2 миң га көп себилди. Чүй облусунда арпа себүү 9,0 миң га — 8,0 % аткарылды, Ош облусунда — 23,1 %, Баткенде — 26,5 %, Жалал-Абад облусунда 17,6 % бүткөрүлдү.
Картошка отургузуу республика боюнча 2,3 миң га аянтка жүргүзүлүп, былтыркы жылдан 800 га көп болууда.
Ал эми жашылча-бахча себүү Ош облусунун Араван районунда, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө башталды.