Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун үчүнчү раунду алкагында, Кыргызстан-Катар футбол беттеши өттү. Анда кыргыз футболчулары Азиянын учурдагы чемпиону Катар курамасынын 3:1 эсебинде утуп, жеңишке жетишти.
Оюнда эсепти Валерий Кичин биринчи бөлүктө ачкан. Атаандаштар эсепти экинчи бөлүктүн башталышы менен теңеди. Ал эми 82-мүнөттө А. Мищенко эсепти 2:1 кылса, оюнга кошулган убакытта А. Шүкүров Катарга үчүнчү топту киргизди.
Беттеш Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда өтүп, ага миңдеген күйөрмандар келип кыргыз курамасын алга сүрөөгө алды. Ошондой эле оюнга өлкө башчысы Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү да келди.
Белгилей кетсек, бул 2025-жылдагы улуттук курама команданын өз үйүндөгү алгачкы беттеши. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.
Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт.