USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Эски үлгүдөгү АКШ долларды алмаштырууда комиссия алынат

18:01, 25 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Мындан ары коммерциялык банктардан, акча алмашуу бюролорунан эски үлгүдөгү АКШ долларын алмаштырууда комиссия алынат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Анда 2025-жылдын 19-мартында «Кыргыз Республикасында накталай төлөм аркылуу чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого өзгөртүүлөр киргизилгени айтылат. Бул мыйзам 1-майдан тарта күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, мында 2006-жылга чейин чыгарылган АКШ доллары тууралуу сөз болууда. Ал төлөм каражаты катары статусун жоготкон жок.

Ошол эле учурда, комиссиянын көлөмү негиздүү болушу керек, жогоруда көрсөтүлгөн акчанын экспорту менен байланышкан чыгымдар эске алынып, акталууга тийиш.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика