09:26
USD 86.46
EUR 93.37
RUB 1.03

«Кыргызстан — Катар» футбол беттеши. 3 миң милиция кызматкери нөөмөттө болот

Кыргызстан менен Катар курама командаларынын футболдук беттешинде коомдук тартипти 3 миң милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 25-мартта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо турунун 3-турунун Кыргыз Республикасы менен Катар курама командаларынын беттеши өтөт. Оюн 19.45те башталат.

Саат 12:00дөн 20:00гө чейин Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы бардык күйөрмандарды көрүлгөн коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле жасап, кезек күтпөй, стадионго өз убагында кирүү үчүн беттешке эки саат мурун келүүнү суранат. Стадионго айнек жана пластик идиштерди, пиротехникалык буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынат.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG