Бүгүн, 25-мартта 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычтын алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы, Азиянын учурдагы чемпиону Катар курамасы менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, оюн борбор калаанын башкы аренасы – Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда саат 18:00до башталат.
Белгилей кетсек, бул 2025-жылдагы улуттук курама команданын өз үйүндөгү алгачкы беттеши.
Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.
Эске салсак, 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо турунун экинчи раунду алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасы тарыхта алгачкы жолу үчүнчү раундга жолдомо камсыздап, 2027-жылкы Азия Кубогуна чыккан.