05:03
USD 86.46
EUR 93.37
RUB 1.03

Эртеңден тарта Бишкекте 3 көчө оңдоо иштери үчүн жабылат

Эртең, 25-марттан тарта Бишкек шаарындагы Жибек Жолу, Жаш гвардия, Медеров көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү реконструкцияга жабылат.

Мэрия билдиргендей, транспорт кыймылы үчүн төмөнкү көчөлөр жабылат:

  1. Жибек Жолу проспектисинин Лермонтов көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы жабылат. Түндүк тарабы убактылуу эки тараптуу болот.
  2. Жаш гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн батыш тарабы жабылат. Чыгыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.
  3. Медеров көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүрөт.

Коомдук транспорттун кыймылында өзгөрүүлөр болбойт.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG