17:30
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Көчө-жолдорду оңдоо» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын 60 көчөсү оңдолот

«Көчө-жолдорду оңдоо» долбоорунун экинчи фазасында Бишкек шаарынын 60 көчөсү, тактап айтканда 70, 87 чакырымы оңдолот . Бул тууралуу Бишкектин мэри Азиз Суракматов Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым менен жолугушуусунда маалым болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө, калаа башчысы, Ду Дэвэнь айымды бийик дипломатиялык постко дайындалышы менен куттуктап, Кытай тарабынан каржыланган «Көчө-жолдорду оңдоо» долбоорунун экинчи фазасын жүзөгө ашыруу маселеси тууралуу сөз кылды.

Ал эми, Кытай элчиси Бишкек шаарынын мэрине ыраазычылыгын айтып, келечекте биримдүү кызматташтыктарга үмүтүн билдирди.


Эң көп окулган жаңылыктар