09:21
USD 86.46
EUR 93.37
RUB 1.03

«Кыргызстан — Катар» футбол беттеши. Бишкектин кайсы көчөлөрү жабылат?

«Кыргызстан-Катар» футбол беттешине байланыштуу Бишкектин борборундагы унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине борбор калаанын Кайгуул кызматынын басма сөз борбору билдирди.

Эскерте кетсек, эртең, 25-мартта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылы өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында Кыргызстан менен Катар курама командаларынын беттеши өтөт.

Бул күнү саат 12:00дөн 20:00гө чейин Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Кайгуул кызматы шаар тургундарын жана борбордун конокторун бул чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну жана саякат маршруттарын алдын ала пландаштырууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG