00:16
USD 86.46
EUR 93.37
RUB 1.03

Бүгүн Бишкекте «Ак шумкарлар» Катар курама командасы менен беттешет

Бүгүн, 25-мартта 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо турниринин алкагында Кыргызстандын курама командасы Азиянын учурдагы чемпиону Катар курамасы менен беттешет. Оюн борбор калаанын башкы аренасы — Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 18:00дө башталат.

Белгилей кетсек, бул улуттук кураманын 2025-жылдагы үйдөгү алгачкы жолугушуусу болот. Үчүнчү турда 18 команда алты командадан үч топко бөлүнөт. Бул этаптын жыйынтыгы менен ар бир тайпадан эки мыкты команда 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Төртүнчү тандоо турунда Азиядан дагы эки өкүл аныкталып, континенттер аралык плей-офф оюндары аркылуу Дүйнө чемпиондугуна кошумча орун ыйгарылат.

Биздин команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын командалары менен бирге А тайпасына кирди.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG