07:19
USD 87.02
EUR 95.29
RUB 1.05

Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандар азайды

Кыргызстанда 10-марттан 16-мартка чейинки бир жумада курч респиратордук вирустук инфекциялардын 8372 учуру жана сасык тумоонун 16 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине шилтеме берүү менен билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, өткөн жумага салыштырмалуу оорунун көрсөткүчү 6,1 пайызга азайган. 5,8 пайызы же 485 учур ооруканага жаткырылган.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында катуу кармаган респиратордук инфекцияларга (SARI) жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG