02:31
USD 87.40
EUR 95.11
RUB 1.02

Президенттик «Акылман» лицейи жаңы окуу жылына сынак жарыялады

Президенттик «Акылман» лицейи 2025/26-окуу жылына карата окуучуларды кабыл алуу үчүн конкурстук тандоо жарыялады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сынакка Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин 6-классында окуп жаткан окуучулары катыша алышат.

Конкурстук тандоо 3-этаптан турат, 1-2-тур — бул test.akylman.edu.kg сайты аркылуу онлайн тестирлөө, ал эми 3-тур — ар бир облуста жеринен өткөрүлө турчу оффлайн тестирлөө.

1-2-этаптын онлайн тестирлөөсүнө катышуу үчүн test.akylman.edu.kg cайтына катталуу 2025-жылдын 1-апрелинен баштап, 14-апрелге чейин уланат.

1-тур 18-19-апрель күндөрү онлайн форматта, 2-тур 23-24-апрель күндөрү онлайн форматта, ал эми 3-тур 1-майдан 8-майга ар бир облуста жеринен өткөрүлөт. Жыйынтыгында, 3 этаптын баарынан тең ийгиликтүү өткөн эң алдыңкы 72 окуучу лицейге 7-класска кабыл алынат.

Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер бул талаптарга ылайык келүүсү зарыл:

1) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында азыркы учурда 6-класста окуусу;

2) Кыргыз Республикасынын жараны болуусу;

3) «Жакшы», «эң жакшы» деген баага окуусу, башкача айтканда, ударник же отличник болуусу.

Белгиленгендей, талапкер бардык 3 талапка туура келген гана учурда, конкурстук тандоого катышып, өз күчүн сынай алат.

Конкурстук тандоо кийинки предметтерден турат: 1-2-тур — математика, логика, кыргыз тили, орус тили жана тарых. 3-тур —математика, логика, кыргыз тили жана англис тили.

Лицейге кабыл алуу конкурстук тандоонун гана негизинде жүрөт жана окуучунун үй-бүлөлүк социалдык абалы каралбайт. Демек, социалдык статусуна карабастан, конкурстук тандоого катышуу үчүн бардык окуучуларга бирдей мүмкүнчүлүк берилет. «Акылман» президенттик лицейине өткөн окуучулар 100% мамлекет тарабынан камсыздалынат, андыктан окутуу акысыз. Ал эми лицейде окутуу кыргыз жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Мындан улам, орус тилдүү класстар жок экенин кабарланат.

Конкурстук тандоо тууралуу толук маалыматты @akylman.presidential_school инстаграм баракчасынан, @"Акылман" Кабыл алуу — 2025″ телеграм каналынан ала аласыздар.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG