05:42
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Таш-Көмүр шаарында 38 миллион сомго бокс залы курулат: тендер жарыяланды

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында бокс залы курулат. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жумуштарды аткарууга тендер жарыяланган.

Долбоордун жалпы баасы 38 миллион 800 миң сомду түзөт. Курулушту өз убагында каржылоо шарты менен келишим түзүлгөндөн кийин тогуз айдын ичинде бүтүрүү пландалууда.

Тендерге катышуу үчүн арыздар 2025-жылдын 26-мартына чейин кабыл алынат. Подрядчы тендердик сунушталган суммасынан 2 пайыз өлчөмүндө күрөөнү камсыз кылууга тийиш.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG