Кыргызстанга президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Мунир Сатури баштаган Европарламенттин депутаттарынан турган делегация келди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине президенттик аппараттагы булак билдирди.
Иш сапар Кыргызстан менен Евробиримдиктин расмий өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында өтүп жатканы, депутаттардын өлкө жетекчилигинин деңгээлинде жолугушуулар пландалганы айтылды.
Февраль айында Мунир Сатури кыргыз бийлиги делегацияны пландалгандай кабыл алуудан баш тартканын билдирген, андан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Садыр Жапаров Европарламенттин депутаттарын өлкөдөгү чыныгы кырдаал менен таанышуу үчүн расмий чакыруу тапшырмасын бергенин билдирген.
Мунир Сатури — Европарламенттин адам укуктары боюнча кичи комитетинин башчысы.