USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Орусиянын Усть-Лугадагы чайканадагы өрт: беш кыргызстандык жабыркады

10:08, 18 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Орусиянын Ленинград облусунун Усть-Луга кыштагында кафеде өрт чыгып, Кыргызстандын беш жараны ар кандай деңгээлде жаракат алган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуядан кийин 17-февралда Кыргызстандын эки жараны текшерүү үчүн Ленинград облустук ооруканасына жеткирилген, дагы үчөөнө облустагы Гатча ооруканасында медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга кое берилген.

Орусиянын тергөө органдары кылмыш ишин козгоду. Кыргызстандын Башкы консулдугу бул маселени көзөмөлдөп турат, деп айтылат маалыматта.

Ленинград облусунун прокуратурасы окуя болгон жерде тартылган сүрөттөрдү жарыялады. Сүрөттөр боюнча, өрт кафе жайгашкан эки кабаттуу имаратты дээрлик толугу менен жок кылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика