16:57
USD 87.42
EUR 102.87
RUB 1.12

Кыргызстанда Орозо айы 1-мартта башталат

Кыргызстанда 2025-жылы ыйык Орозо айы 1-мартта башталат. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  28-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат.

Орозо айт майрамы  30-мартта белгилениши күтүлүүдө.

Рамазан айында момундар күндүзү тамак-аштан, суусундуктан жана башка дүйнө жыргалдарынан тыйылып, намазга, садака берүүгө жана руханий жактан тазаланууга өзгөчө көңүл бурушат.

Эң көп окулган жаңылыктар