01:47
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Өрттөн кийин Кардиохирургия институтунун имараты кандай көрүнөт?

Күн мурун 11-февралдын кечинде болгон өрттүн кесепетинен Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун имараты катуу жабыркаган. Келтирилген чыгымдын көлөмү жана өрттүн себеби азырынча айтыла элек.

 

Медициналык мекеменин эшик-терезелери сынып, дубалдары көө менен капталган. Учурда имарат курчоого алынып, окуя болгон жерде милиция жана өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлери иштеп жатат.

 Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги өрттүн келип чыгуу себептерин иликтөө үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган мекемелер аралык комиссия түзүлүп жатканын билдирген.

 Эске салсак, 11-февралда саат 21:00 чамасында ооруканада өрт чыккан. Өрт саат 23:15те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен эки бала каза болуп, 31 бейтап башка ооруканаларга которулуп, операцияга чейинки 19 бейтап үйүнө жөнөтүлгөн. Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Эң көп окулган жаңылыктар