Кыргызстан менен Өзбекстан соттолгон жарандарын бири-бирине өткөрүп беришет. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда кабыл алды.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева депутаттарга Өзбекстан Республикасында Кыргыз Республикасынын 42 жараны, Кыргызстанда Өзбекстандын 97 жараны жазасын өтөп жатканын маалымдады.
Бул жарандардын баары өз өлкөсүндө жазасын өтөй беришет. Өлкөлөр ортосундагы соттолгон жарандарды өткөрүп берүү боюнча келишим 2024-жылдын 18-июлунда Ташкентте түзүлгөн.