Нурдин Букуев Кыргыз Республикасынын Футзал ассоциациясынын президенти болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу биримдиги социалдык тармактарда билдирди.
Маалыматка ылайык, ал КФСтин биринчи вице-президенти кызматын сактап калат.
Буга чейин Футзал ассоциациясынын президенти кызматын Максатбек Ишенбаев аркалап келген.
Нурдин Букуев ФИФАнын мурдагы футзал калысы жана дүйнөлүк чемпионаттын матчтарын башкарган рекордсмен.
Ал KFS түзүмүндө 2009-жылдан бери иштейт.