00:16
USD 87.45
EUR 91.60
RUB 0.96

Кадырбек Атамбаев Бишкек ШИИБке суракка чакырылды

Социал-демократтар саясий партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына билдирди.

«Бүгүн саат 17:30га борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны Урмат Ибраев мени ИИМдин No24 кабинетине суракка чакырды», — деп жазат Кадырбек Атамбаев өз басылмасында.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 15-ноябрында Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» саясий партиясынын лидери Темирлан Султанбековго жана камактагы мүчөлөрүнө карата баш коргоо чарасын камакка алуу чечимин чыгарган. Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2025-жылдын 13-январына чейин No1 СИЗОго киргизилген.

13-ноябрда саясий партиянын башкы кеңсесинде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы социалдык түйүндөрдө «Добуштарды сатып алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, аталган факты боюнча ИИМ жетекчисинин ортосундагы сүйлөшүүнүн аудио жазуусу тараганын билдирди. Анда Социал-демократтар партиясынын штабында Ирина Карамушкина менен талапкер Данияр Чолпонбаев жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуштарды сатып алуу маселесин талкуулашууда.

Эң көп окулган жаңылыктар