02:44
USD 87.45
EUR 91.44
RUB 0.96

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда кар жаап, суук болушу күтүлөт

Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 22-23-январда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт. Айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.

23-январда күндүз жана 24-25-январда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −15...-20°, түндүгүндө −19...-24°, күндүз −4...-9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн −14...-19°, Кара-Буура районунда −17...-22°, күндүз −6...-11°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн −6...-11°, күндүз 0...-5°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −11...-16°, күндүз −3...-8°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −20...-25°, күндүз −5...-10°, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн −18...-23°, күндүз −7...-12°, тоолуу райондордо түнкүсүн −20...-25°, күндүз −8...-13°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −30...-35°, күндүз −15...-20° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн −31...-36°, күндүз −15...-20° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Эң көп окулган жаңылыктар