00:08
USD 88.34
EUR 95.27
RUB 0.96

Эртең Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт

29-октябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

30-октябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 31-октябрда түнкүсүн тоолуу райондорго кар түшөт.

31-октябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

1-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-ноябрда күндүз жана 2-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасы 4-9 метрге жетет.

Эң көп окулган жаңылыктар