19:53
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бүгүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт

Бүгүн күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

«Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет», — деп билдирди ӨКМ.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума