Бүгүн күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.