Бишкекте Башкы прокуратуранын имаратынын жанында эркек киши өзүн -өзү өрттөп жиберди. Бул тууралуу активист Ыргалай Бекмуратова билдирди.
Анын айтымында, ал киши кыймылсыз мүлккө байланыштуу адилетсиздикке нааразы болгон.
"Бул менин көз алдымда болду. Ал адам Мамлекеттик ишкананын имаратынын жанында турган. Анан бөтөлкөдөгү суюктукту өзүнө куя баштады. Мен чай деп ойлодум. "Андан кийин ал өзүн өрттөп жиберди— деди 24.kg басылмасына Ыргалай Бекмуратова.
Борбор калаанын медициналык тез жардам борборунун башкы дарыгеринин орун басары Егор Борисов окуя болгон жерде тез жардам бригадасы иштеп жатканын белгиледи.