01:43
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өзгөндө мектептин экинчи кабатынан секирген баланын атасы милицияга арыз жазды

Ош облусунун Өзгөн районунда мектептин экинчи кабатындагы терезеден секирип түшкөн баланын атасы милицияга арыз жазды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-класстын окуучусу Мырза-Аке айылындагы Мамат Нурбаев орто мектебинин экинчи кабатындагы класстын терезесинен сабак башталганча секирип түшкөн. Баланын колу сынып, буту чыгып кеткен.

Баланын атасынын айтымында, уулун терезеден бой таштоого аргасыз кылышкан.

«Атасы уулунун мындайга барбастыгын, ага мектептеги мамиле себеп болгонун айтууда. Текшерүү жүрүп жатат», — дейт милиция.

Эң көп окулган жаңылыктар