Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Бишкектин эски аянтындагы Владимир Лениндин айкелин Турдакун Усубалиевдин эстелигине алмаштырууну сунуштады.
Анын айтымында, мындай өтүнүч менен ага Кочкор районунун тургундары кайрылышкан.
Мындан тышкары, депутат Бишкектин төрт районунун атын өзгөртүү маселесин көтөрдү. Нурбек Сыдыгалиев борбор калаадагы райондорго өлкөнүн маданий-тарыхый мурасын чагылдырган аталыштарды берүү керек деп эсептейт.