01:24
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Бишкекте кайрадан Сүймөнкул Чокморовго эстелик тургузулду

Бишкекте кайрадан Сүймөнкул Чокморовго эстелик тургузулду. Сүрөттөрдү 24.kg агенттигине окурман жөнөттү.

Анын айтымында, 7-майда эстелик ак мата менен оролуп турган, ал эми бүгүн аны алып салышкан.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги редакцияга эстеликтин расмий ачылышы боло электигин билдирди.

Белгилей кетсек, 2017-жылы «Ала-Тоо» кинотеатрынын алдына Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги орнотулган. Ал скульптор Алмаз Кожегулов тарабынан жасалган. Калаа тургундары 3 миллион сом сарпталган айкел актерго окшошпой калгынын жазышкан. Мындан улам Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонд жаңы айкел тургузуу чечимин кабыл алган.

2019-жылы эстелик алынып, коомдук фонд жарыялаган сынакта Азамат Абдрахманов жеңген.

СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунда туулган. 1992-жылы дүйнөдөн кайткан.

Эң көп окулган жаңылыктар