Казакстандын Актау шаарына жакын жерде жүргүнчү ташыган учак кулап түшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, учак Бакудан Грозныйга бара жаткан. Кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат, урандылардын арасында аман калгандар болушу мүмкүн. Учакта 67 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон деп билдирет ORDA Telegram каналы.
Азербайжан аба жолдорунун учагы тумандан улам кырсыкка чейин башка аэропортко бурулган.
Mash Telegram каналынын маалыматы боюнча, Embraer E190AR учагы кулаганга чейин Актау аэропортунун үстүнөн айланып келип, авариялык конууну суранган;